www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. 

Отурумда алгач 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын 2025-жылга карата аткарылган иштери тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы угулду. 

Мамлекеттик стратегия – 13 стратегиялык багытты жана 137 коррупцияга каршы иш-чараларды камтыган системдүү чаралардын комплексин түзөт, анда 40ка жакын мамлекеттик орган негизги аткаруучу болуп аныкталган. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын 2025-жылдын ичиндеги ишке ашырылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын бул багыттагы ишмердүүлүгү белгиленди. 

Андан соң отурумдун катышуучулары Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун карап, талкуудан соң бекитип беришти. Чечимдин максаты – Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө, аймакты жана жаратылыш ресурстарын учурдагы жана келечек муундардын кызыкчылыгында коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу. 

Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору каралып жактырылды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин  кароосуна жөнөтүлөт.

Последние новости