www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-Президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен БАЭге жумуш сапары менен келди.
Иш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышып, БАЭнин жогорку даражалуу жетекчилери жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда, БАЭнин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда саммиттин алкагында “Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн “Ак илбирс” модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, бул кошумча иш-чара Кыргыз Республикасынын демилгеси менен биринчи жолу саммиттин алкагында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Эмират тараптын өкүлдөрү менен панелдик талкуулар болот.