www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөтөр саммитинин алкагында “Эмираттардын инвестициялык агенттиги” (Emirates Investment Authority) суверендүү инвестициялык фондунун аткаруучу директору Мохаммед Хамад Аль-Мехайр менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы суверендүү фонд менен байланыш түзүүгө кызыкдар жана өлкөдө ишке ашырылып жаткан түрдүү тармактардагы ири долбоорлор боюнча маалымат берүүгө даяр экенин белгиледи. 

"Учурда өлкөбүз тарыхый трансформацияны баштан кечирүүдө жана биз дүйнөлүк тажрыйбага ээ ири институттар менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани беребиз. Кыргызстан географиялык жактан Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жана евразиялык экономикалык мейкиндикке түз интеграцияланган өлкө. Биздин максат өлкөбүздү жөн гана керектөөчү рынок эмес, Кытай – Борбор Азия – Жакынкы Чыгыш багытындагы өндүрүш, логистика жана энергия агымдарынын платформасына айлантуу. Бул багытта, “Эмираттардын инвестициялык агенттиги” суверендүү фонду үчүн Кыргызстан – транспорттук-логистикалык инфраструктура, энергетика, минералдык ресурстар жана чийки зат, телекоммуникация жана санариптик инфраструктура,   азык-түлүк жана агробизнести камсыздоо багыттарында өзгөчө инвестициялык потенциалга ээ”, - деди ал. 

Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргызстандын экономикасы акыркы 4 жылдан бери тынымсыз өсүп, 2025-жылы ИДПнын көлөмү 11 пайызга жеткенин, муну менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн арасында жогорку көрсөткүчтө болгонун билдирди. Кыргызстанда суверендүү кредиттик рейтингдердин жогорулашы жана бюджетте салык менен бажы кирешелеринин көбөйүшү, бул экономика натыйжалуу башкарылып, инвесторлор үчүн коркунучтар азайганын көрсөтөт.

“Биз инвестицияларды биргелешип структуралоого, долбоорлорго капитал тартууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүүгө ачыкпыз”, - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Эмираттардын инвестициялык агенттигинин жетекчилигин үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарында боло турган “Борбор Азия – Булуңдагы араб өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Өз кезегинде Эмираттардын инвестициялык агенттигинин директору Мохаммед Хамад Аль-Мехайр эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, мындан аркы диалогго жана конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана демилгелерди өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Последние новости