www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Жогорку Кеңеште кесиптик лицейлерди Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу айтылган сунуш боюнча расмий позициясын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, баштапкы кесиптик билим берүү системасы мыйзамдарга ылайык Агартуу министрлигинин карамагында болуп, өлкөнүн экономикасы үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Билдирүүдө белгиленгендей, акыркы жылдары кесиптик билим берүү системасын жаңылоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп, эмгек рыногунун талаптарына ылайык окуу программалары жаңыртылып, дуалдык окутуу өнүктүрүлүп, иш берүүчүлөр менен кызматташтык күчөтүлгөн.
Ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында кесиптик билим берүүнүн ролу дагы да жогорулай турганы айтылды. Министрлик бул багытта окуучуларды кесипке багыттоо иштерин күчөтүү жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө басым жасаларын белгиледи.
Агартуу министрлиги билим берүү системасындагы түзүмдүк өзгөрүүлөр ар тараптуу талдоонун негизинде гана жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, негизги максат кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу экенин билдирди.
Мындан тышкары министрлик кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди конструктивдүү талкуулоого даяр экенин билдирип, негизги артыкчылык билим берүүнүн мазмунун жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү, кадрдык потенциалды чыңдоо жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну кеңейтүү болушу керектигин белгиледи.