www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 18 мектеп бар экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал Кыргыз өлкөсүндө 2 миң 283 мектеп бар экенин айтты. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр үчүн 18 мектеп, ал эми мектепке чейинки курактагы балдар үчүн 14 билим берүү мекемеси иш алып барат", - деди ал.

Жогорку Кеңеште ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү маселесине байланышкан мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр өлкөдөгү оор социалдык – экономикалык абалды эске алуу менен республикалык бюджеттин чыгымдарын көбөйткөн ченемдерди алып салууга багытталууда. Ошондой эле инклюзивдик билим берүүгө тиешелүү ченемдердин күчүнө кирүү мөөнөтүн Өкмөт өзү аныктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости