www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик: Окуу китептеринин ижара акысы өзгөрөт

Билим берүү министрлиги бир апта ичинде мектеп окуу куралдарынын жаңы ижара акысын жарыялайт. Бул тууралуу мекеменин өкүлдөрү бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

«Окуу китеби» мамлекеттик ишканасынын директору Ильяс Сарыбаевдин айтымында, 2024-жылга чейин чыгарылган китептерге төлөм өзгөрбөйт.

«Февраль айында чыккан токтомго ылайык окуу куралдарын наркы жаңы талап менен эсептелет. Азырынча үч эле китепке баа өзгөрөт. Бул :Алиппе, Орус тили жана Орус адабияты», — дейт ал.

Министрликтин өкүлдөрү ижара акы 25 жылдан бери өзгөрө электигин белгилешти.

«Ижара акы 25 жылдан бери өзгөрө элек. Өз баасы 51 сом өлчөмүндө болсо дагы, көтөрүлбөй келет. Азыр орто наркын чыгарып, бир апта ичинде эсептеп, жарыя кылабыз», — деди мекеменин өкүлү Акыйкат Баймуратова.

Министрликтин билдирүүсүндө көбүнчө орус тилдүү мектептерге окуу куралдары жетишпейт. Маселени чечүү үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

 

Мекеме жакынкы 3 жылдын ичинде китептерди толук жаңыдан басып чыкмакчы. Жылына окуу куралдарын жаңылоого 152 миллион сом бөлүнөт.

«Бизге 4,5 миллиард сом акча керек. Андыктан Финансы министрлигинен жаа эл аралык уюмдардан акча сурап жатабыз», — дейт Акыйкат Баймуратова.

Министрлик базарда сатылып жаткан китептердин наркын Монополияга каршы агенттиги көзөмөлгө алышы керектигин айтты.

Последние новости