www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-майдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтып берди.
Үсөнбаевге: "СИЗО-1" абагындагы медицина кызматкери коронавирусту кайдан жуктурган жана аны менен канча адам байланышта болгон?" -деген суроо берилип, ага орун басар: "Ал окуя боюнча учурда эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүп жатат, кайдан жугузганы так аныктала элек. Медицина кызматкери менен байланышкан 10 адам аныкталды. Андан тышкары үйүндө 3 адам болгон. Байланышта болгондордун баарына текшерүү жүргүзүлдү" -деп жооп берди.
Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев аталган фактыны четке кагып, кызматкерден алынган бир нече тесттердин анализдеринин жыйынтыгы таза чыкканын белгилеген.
Булак: NazarNews.org