www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрликке караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаменти асыл тукум малдардын породаларын аймактарга ылайыктап багууну сунуштады.

Ага ылайык, эт-май тукумундагы гиссар, арашан койлору республиканын бардык аймактарында багыла берет. Кыргыз мериносу тукумундагы койлор Ысык-Көлгө жакшы көнө албайт. Көп төл берүүчү койлордун тиби Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарында жакшы жыйынтыктарды берет. Айкөл породасы Ысык-Көл, Нарын, Чүйгө, алай породасы Ош облусуна ылайыкташкан.

Уйду ала турган болсок: ала-тоо, абердин-ангус, герефорд, күрөң-швиц уйларын республиканын бардык облустарында бакса болот. Аулиэатин породасы Талас облусуна ылайыктуу. Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарына симментал породасын баккан оң. Голштин тукумундагы уйлар Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Токтогул, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда жакшы адаптацияланат.

Ошондой эле министрлик жылкы породасына жараша өлкөнүн кайсы аймагында жакшы багыларын түшүндүргөн: англис тукумундагы жылкыны республиканын бардык аймактарында көбөйтүү сунушталат. Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында орус таскак тукумун бакса болот. Ал эми Талас, Чүй, Ысык-Көл аймактарында дон породасы жакшы жыйынтык берет.

Мындан тышкары, топоздун айкөл породасы Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында артыкчылыктуу болуп саналат. Ал эми кыргыз тукуму Баткен аймагына ылайыкташкан.

Андан сырткары, Баткен районунда кыргыз тыбыт тукуму жана кыргыз жүндүү породасындагы эчкилер, ал эми Чүй облусунда эчкинин сүттүү тиби жакшы жыйынтыктарды берип жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости