www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрликте фейк-аккаунттарды көзөмөлдөөгө каражат жок

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгулов “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгу” мыйзамды ишке ашырчу орган аныкталбагандыгын, Маданият министрлигинин техникалык базасы жана адистери ага жетишпей турганын билдирди.

“Бул иштерди жүргүзүү үчүн адистердин жана эксперттердин ичинен кошумча штат, тиешелүү каржылоо, анын ичинде зарыл болгон техникалык жабдууларды сатып алуу талап кылынат. Министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгында тогуз адис иштейт. Мындан тышкары, бул башкармалыкта маалымат мейкиндигин көзөмөлдөө жана ага талдоо жүргүзүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар жана адистер жок”.

Чыңгыз Эсенгулов буга байланыштуу коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен Санарип министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын базасында маалыматтык мейкиндикке байкоо жана талдоо жүргүзүү бөлүмүн түзүү натыйжалуу болоорун белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаттары акыркы күндөрү интернеттеги жалган маалыматтан мамлекеттик кызматкерлерди коргоону өкмөттөн талап кылган. “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамга мамлекет башчы 2021-жылдын 23-августунда кол койгон. Ага чейин долбоор коомдун кызуу талкуусуна түшкөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости