www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрликтен жаңы акция жарыяланды

Бүгүн, 6-апрелде саат 10:00дө Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багында 2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты — жыл сайын дүйнөдө 13 миллион кишинин өмүрүн алып кеткен экологиялык көйгөйлөргө коомчулуктун көңүл буруу.

«Ушуга байланыштуу бул акцияга журналист кесиптештерди жана борбор калаанын тургундарын аталган акцияга катышууга чакырабыз. Саат 10:00дөн 12:00гө чейин каалаган киши келип бак отургузса болот», - деп билдирди министрлик.

Акция учурунда жарандар ВИЧ боюнча экспресс-тесттен өтүп, кандагы канттын деңгээлин текшерип, сергек жашоо образы боюнча кеп-кеңеш угуп, медициналык биринчи жардам көрсөткөндү үйрөнүп, COVID-19га каршы вакцина алса болот.

Бул иш-чарага Кыргызстандагы бир катар министрликтердин, ведомстволордун, саламаттык сактоо уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик элчиликтердин кызматкерлери да катышат, деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости