www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков министрликтин карамагындагы ведомстволук бөлүмдөргө жана илимий-изилдөө мекемелерине жаңы кызматтык жеңил унаалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Иш-чара мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аймактардагы иштерди ыкчам уюштурууну камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.

Жалпысынан 12 жаңы кызматтык автотранспорт төмөнкү түзүмдөргө берилди:
– Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы
– Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти
– «Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги» мамлекеттик мекемеси
– Кыргыз дыйканчылык, мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту
– Ветеринардык илимий-изилдөө институту
– Ирригация илимий-изилдөө институту
Министр Эрлист Акунбеков белгилегендей, жаңы кызматтык унаалар адистердин аймактарга болгон иш сапарларын ыкчам уюштурууга, көзөмөл жана мониторинг иштеринин сапатын жогорулатууга, ошондой эле илимий жана өндүрүштүк милдеттерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт. 

Последние новости