www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу кеңири баяндама жасап, негизги инфраструктуралык секторлордогу ийгиликтерди өзгөчө белгиледи.

 Адылбек Касымалиевдин айтымында, курулуш сектору ишенимдүү өсүштү көрсөтүүдө: 2024-жылы 28,7%ды түзсө, 2025-жылы 29%га жетти. Социалдык объектилерди курууда олуттуу ийгиликтерге жетишилди. 2025-жылы 291 объект пайдаланууга берилди, анын ичинде 129 мектеп, 60 бала бакча, 26 саламаттыкты сактоо объектиси, 35 маданият жана спорт объектиси, ошондой эле башка багыттагы 41 объект. Ушул жылдын аягына чейин дагы 21 социалдык объектинин, анын ичинде 14 мектептин жана 5 бала бакчанын курулушун жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аяктоо пландаштырылууда.

«Турак жай маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. 2021-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 9 250 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды, анын ичинен 2025-жылдын январь-ноябрь айларында эле 4 662 үй-бүлө ачкыч алды. 2025-жылы турак жай курууга 40,2 миллиард сом багытталган. Учурда 73 357 батирдин курулушу жүрүп жатат», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.
Транспорт секторунда да Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, олуттуу ийгиликтер катталган.

«2025-жылы 1500 км асфальт-бетон төшөлүп, бул 2024-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Туристтик жана аймактар аралык каттамдарды камтыган ири долбоорлор ийгиликтүү аяктады. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери уланууда, ал эми Балыкчы – Кочкор темир жолунун тилкеси Кочкор шаарына чейин курулуп бүттү», - деп билдирди МинКаб төрагасы.

Адылбек Касымалиевдин андан аркы сөзүндө, авиация тармагында аэропорттор өз каражаттарына аба кемелерин активдүү сатып алууда: буга чейин 2,385 миллиард сомго 3 учак сатылып алынган.

«Кийинки жылы Q400 учагынын келиши күтүлүүдө, ал эми планда эки Airbus A321 учагын сатып алуу бар. Ички аэропортторду модернизациялоого 8,4 миллиард сом бөлүндү. Өлкөдө 11 сертификатталган аэропорт туруктуу иштеп жатат», - деп белгилеп, аэропорттор «Кыргызстандын дүйнөгө болгон терезеси» экенин кошумчалады.

Последние новости