www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун борбору Минск шаарында 6-октябрда ондогон адам Орусияга кошулууга каршы нааразылык акциясына чыкты. Митингди оппозициячыл саясатчы, катталбаган «Элдик Грамада» партиясынын лидери Николай Статкевич уюштурду. Ал беларустарды «өлкөнү саттырып жибербеш үчүн» биригүүгө чакырды.

Мунун алдында бир катар маалымат каражаттары Орусия менен Беларусь өткөн айда экономикалык интеграция программасы тууралуу макулдашканын жазган. Ага ылайык ушул жылдын аягында эки өлкөнүн экономикасы айрым бир тармактар боюнча бириктирилип, бирдиктүү Салык кодекси жана Жарандык кодекси түзүлөрү айтылган. Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия менен макулдашылган мындай программа бар экенин кыйыр түрдө бышыктаган.

Москва эки өлкөнүн интеграциясы тууралуу өткөн жылдан тарта көбүрөөк сөз кыла баштаган. Биригүүгө байланыштуу документтердин долбоору ачык жарыяланган эмес, мындан улам ар кандай күдүк ойлор жаралган. Буга чейин Александр Лукашенко Орусиянын басым-кысымы тууралуу бир канча ирет даттанган пикирлерин айткан болчу.

Последние новости