www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Көптүн катарынан таланты менен суурулуп чыккан актриса кандайча бу чөйрөгө аралашып калды экен…

- 1956-жылы «Кыргызфильм» киностудиясы алгачкы жолу «Менин жаӊылыштыгым» аталыштагы кыргыз тасмасын тартмай болушканда, Фрунзедеги (Бишкек) ЖОЖдон башкы ролго бир кыз анан бир жигитти тандап жүрүшүптүр. Медучилищеде окуп жүргөнүмдө ошончо кыздын ичинен мен тандалып калышым Кудайдын буйругу деп билемин. Менин каарманым дагы мен курактагы болгону менен кара тору кыз экен. Мен ак жуумалмын да. Кара тору кылып гримёрлор да чеберчилигин көрсөтө алышты.

- Аялзаттын бактысы жакшы күйөөдө дешет, сиз дагы Сатыбалды агадай болуп, бир көргөндө жактырып калдыӊызбы?

- Театрда иштеп жатканда бир күнү эле дуу-дуу боло калды. Көрсө Москвадан балдар бүтүп келип, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» спектаклин коюшмакчы экен. Гриша Незманов деген каарманды Сатыбалды Далбаев аткарып аткан экен. Мен Гриша Незмановго ашык болуп калдым.

Оюндан кийин Сатыбалды менен тааныштым. Жаш актёрлор тар шым, узун аппак плащ кийишкен. Баштарында кенен шляпа, кара көз айнек тагынышкан. Шаардыктардын эч бирине окшобой, өздөрүнчө бөлүнүп турушат. Элдин бары буларды «стиляга» деп коюшчу. Ошентип сатыбалды экөөбүз таанышып, 5-6 ай бири-бирибизди сынашып баш кошконбуз.

- Үйлөнүү-үлпөт тоюӊуздар өзгөчө болгон дешет…

- Биринчи жана акыркы жолу эски дарама театрдын фаэсинде өттү. Не деген заманыбыздын залкарлары биздин тойдо кызмат кылышпады дейсиӊ. Эжелерибиз дасторконду түрлөнтүп жасаса, агаларыбыз 3-4 казанга эт бышырып короодо кызмат кылып жүрүштү.

Бакен эже жаӊы эле Индиядан келип 2 жарым метр накта апакай капронду менин башыма салып: «Мираида, мына эми чындап койкойгон ак куу болуп калбадыӊбы» деди.

Мукем (Муратбек Рыскулов): «Өзүбүздүн балдарыбыз үйлөнүп атышат, өзүбүзгө өзүбүз куда-сөөк болгондон өткөн бакыт барбы» деп ак батасын берген. Биздин турмушубуздун саккталып калышына да ушул аксакалдардын батасы тийди.

- Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт дешет…

- Сатыкем Базар-Коргондун Ооган-Талаа айылынан болот. Мен келин болуп, үйдүн босогосун аттаганда жалгыз эле кайненем, анан туугандары тосуп алышты. Үрайым аба бар эле аябай кыраакы киши болчу.

Ал: «Булар шаардан окуп-чокуп келген жаштар, качмай, тергемей салттыӊарды  койгула» деди. Мен кеӊири жүрдүм, менден мурун келин болуп барган абысындар 2 баласы болсо да кайнагалардан качып жүрүштү. Ошол абабыздын баласын гана тергедим, кээде анны унутуп калып атынан айткан учурларым болду.

- Чейрек кылымдан ашык жашаган Сатыбалды аганын кандай өзгөчөлүктөрүн байкай алдыӊыз?

Сатыкем өзүнө-өзү сын-көз караш менен караганды билгендерден. Анын ар бир ойногон ролу эч жасалмалуулугу жок, нукура реалисттик манерада ишке ашчу. Театралдуу эмес, кудум турмуштагыдай.

Ошон үчүн Сатыкемдин түзгөн образдары көрүүчүнү толук бойдон ынандырат. Бул анын актердук табиятынын өзгөчөлүгү. Сатыкем акка моюн сунуп кете берди, караанын кайсалактап таппай, мен жоктоп олтуруп кала бердим, бейиши болсун.

- Сиздин театрдан эрте кеткениӊиз күйөрмандарыӊызга күтүүсүз учур болду окшойт…

-«Театрдан бир жума кеч кеткенден көрө, эки жыл мурун кетиш керек, ошондо элдин эсинде каласыӊ», -деп Француздардын белгилүү киноактёру Ален Делон айтыптыр. Бир жолу спектакль жүрүп, мен залда отургам. Бакен эже жаш келинди ойноп жаткан эле... Бир маалда алдыӊкы катарда отурган бирөө оор үшкүрүнүп: «Ай, таӊгөрү, карый түшкөн экен ээ кичине?!» - деди. Эмдигиче кулагыма жаӊырып турат.

Көрсө, көрүүчү жаштыкты, сулуулукту жактырат тура. Мен элдин эсинде «Ак боз аттагы»-Эркайымдай, «Айкөл Манастагы» Каныкейдей калгым келет. Ар бир талант чыгармачылыктын туу чокусуна чыккысы келет. Бирок ошол бийик чокунун да акыры кайра ылдый түшөр жол бар экенин эстен чыгарышпаса.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости