www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдары ойгонгончо канча өмүрлөр кыйылып, канча бейкүнөө жандар азап тартышат? Мындай пикирин белгилүү ырчы Мирбек Атабеков өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

«Өлкөбүздө болгон кайгылуу окуя боюнча биринчиден, Айзаданын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай окуянын болушун эч убакта каалабайт элем.
Экинчиден чыныгы сүйгөн адам сүйүүктүүсүнө эч качан жамандык кылмак тургай каалабайт дагы. Бул жерде сүйүү жок. Ал эми зордоп, каалоосуна каршы мажбурлап, кыйнап ала качуу жеткен жапайычылык, бул салт эмес!

Үчүнчүдөн биздин укук коргоо кызматкерлери, шаарыбыздын сакчыларынын кайдыгерчилигин биринчи жолу көрүп жаткан жерибиз жок. Эки жыл мурда башталган биздин үй-бүлөгө, апама тийиштүү иштин дагы да болсо аягына чыгара элек, жада калса күнөөлүүлөрдүн бирөөсү дагы жоопкерчилике тартыла элек. Болбосо бардык керектүү материалдар кол астында турат. Алар ойгонгончо канча өмүрлөр кыйылып, канча бейкүнөө жандар азап тартышат?

Сөзүмдүн соңунда эч бир жан бирөөнүн өмүрүн кыйганга акысы жок экенин унутпайлы. Андай өлгүсү келгендер өлө бергиле, бирок башка бирөөгө залакаңарды тийгизбегиле. Өмүрдү Аллах берген соң ал гана ала алат.

Айзада, карындашым, кечир биздин кайдыгер коомду! Жаткан жериң жайлуу, жаның жаннаттан болсун...», - деп белгилеген ырчы мырза.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости