www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирбек Мамбеталиев 2003-жылдан 2025-жылга чейин 28 жолу кызмат алмаштырган. Бул тууралуу депутат Надира Нарматова 26-февралда парламент жыйынында билдирди.

Депутаттар маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына сунушталган Мамбеталиевдин талапкерлигин карап жатышат.

«Мамлекеттик кызматта 50 жыл иштеген адамдардын баскан жолу да мындай эмес. Таң калычтуу.

Менеджерлик сапатыңызды көрсөтүү үчүн жоопкерчиликти алып жатасыз. Президенттин ишенимин акташ керек. Сиздин негизги кемчилигиңиз -маданият тармагында бир күн да иштебегениңиз», - деди Нарматова.

Депутат Алишер Эрбаев да министрдин милдетин аткаруучу 28 жолу жумушун алмаштырганын кайталады.

«Көбүнчө бизнес чөйрөсүндө иштептирсиз», - деди Эрбаев.

Последние новости