www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстандын түрмөсү адамды жакшы жакка өзгөртпөйт», - дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

«Мен өзүм түрмөдө болуп, ал жердеги абалды өз көзүм менен көрүп келгендиктен эч кимдин түрмөгө камалышын каалабайм. Кыргызстандын түрмөсү адамды жакшы жакка өзгөртпөйт.

Жада калса мага убагында кысым көрсөтүп, коркутуп келген Жээнбековдун да абакка отурушун каалабайм.

Бирок, ал жерде күнөөсү жок адамдар абдан көп. Ошондой эле 1000 сом үчүн, бир велосипед уурдаганы үчүн кармалгандар бар. Майда кылмыштар үчүн айып пул менен кутулуп кетсе болот, бирок, жаш балдар акчасы жок болуп, соттор менен жактоочуларга, тергөөчүлөргө акча бере албаганы үчүн түрмөдө отурушат», - дейт ал.

Эске салсак, Мээрбек Мискенбаев азыркыга чейин Кой-Таш окуясы боюнча тергөөдөн өтүп жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости