www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келерки жылы эки өнөр жай объектисин ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, Кемин районунда 1000 жумушчу орунга ылайыкташкан ишкананы ачуу пландалууда.
2021-жылы Кеминге цемент заводун ачуу пландаштырылып, курулуш иштери башталган эле, бирок энергетиктер каршы болгону үчүн иш токтоп калды. Анткени жакын жерде подстанция бар. Кытайдан келген инвесторлор менен жолугушуу болуп бардык коопсуздук маселелери чечилди. Ал жерде булганууга каршы чыпкалар болот", — деди ал.
Сагынбаев, ошондой эле, 2021-жылы Чүй облусунун Панфилов районунда "Металл-Кен" компаниясына таандык ишкана ачылары күтүлүп жатканын кошумчалады.
-"Инвестор бул долбоорго 50 миллион доллар жумшады. Жакында биз премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен ишканага барып, учурда чечилип жаткан маселелер менен таанышып кайттык. Ишкана ишке киргенден кийин 500 адам жумуш менен камсыз болот", - деди Сагынбаев.
Комитет жетекчисинин айтымында, компания толук кубаттуулукта иштөөсү жана бюджетке жакшы киреше алып келиши үчүн бардык шарттар бар. Буга чейин өкмөт заводдо негизги металлдарды кайра иштетүү жана өндүрүү иши жүрөрүн билдирген.
Мындан тышкары, Сагынбаев Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводдоруна да токтолуп өттү.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg