www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Төрт тамга” Ташиевдин

Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренесине шек саналып кармалган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев УКМКнын тузагына түштү. Белгилей кетсек, УКМК шектүү судьяны жакында кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган.

Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттатып, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган. Бул ортодо ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча бергени маалым болгон.

Ошондой эле өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн мамлекеттештирүү боюнча 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага миллиондогон сом чыгым келтирген. Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда тапкан кирешесине жараша жашабаган шектүү судьялар бар экенин айтып, мындай фактылар иликтенерин билдирген.

2012-жылдын 13-сентябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы

Туулган жылы: 10.03.1967-ж.

Улуту: кыргыз

Жарандыгы: Кыргыз Республикасы

Билими: жогорку юридикалык, 1993-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин аяктаган

Адистиги: укук таануу

Тил билүүсү: кыргыз, орус

ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Орношкон

жана бошогон жылы

Мекеменин, уюмдун, ишкананын

аталышы

Ээлеген кызматы

1984-1987

Рига Жогорку Аскердик-саясый окуу жайы, Рига шаары, Прибалтика

курсант

1987-1987

СССРдин ракеталык аскерлери, Калининград шаары

взводдун командиринин орун басары

1988-1988

Ысык-Көл облустук соту

жазык иштери боюнча катчы

1988-1993

Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университети

студент

1993-1994

Ысык-Көл облусунун Ички иштер бөлүмү

тергөөчү

1994-1998

Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгы

башкы адис,

начальниктин орун басары

1998-1999

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

башкармалыктын

начальниги

1999-2000

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

административдик-укуктук башкармалыктын начальниги

2000-2001

Кыргыз Республикасынын Сот департаменти

бөлүмдүн башчысы

2001-2003

Жалал-Абад облусунун Арбитраждык соту

судья

2003-2003

Жалал-Абад облустук соту

судья

2003-2009

Жалал-Абад облустук соту

төраганын орун басары

 2009-2012

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту

судья

13.09.2012-ж. тартып азыркы учурда

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту

судья

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости