www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мирбек Омуралиев Манас шаарынын спутник аймактык башкаруусунун башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов кол койгон.
Бул тууралуу шаардык мэриянын Маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, мэр жаңы жетекчини мэриянын активине тааныштырып, кызматында ийгиликтерди каалаган.
Мирбек Омуралиев 1985-жылы 3-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Жогорку билимдүү, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин география адистигин аяктаган.
Эмгек жолун №70 Ж. Омуралиев атындагы жалпы билим берүүчү мектепте география мугалими болуп баштаган. Кийин аталган мектепте директордун орун басары, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси жана айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеген.
2024-жылдын апрелинен тартып Кызыл-Туу кызмат муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген.
Буга чейин спутник аймактык башкаруусун Алмазбек Раимжанов жетектеп келген. Ал башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган.