www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Бакиров кимдерге кысым көрсөтүп жатат?

Инвестициялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги "Кыргызтелеком" ААКсына системалуу кысым көрсөтүп келет. Бул тууралуу "Кыргызтелекомдун" директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианки бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиргенин маалымат ублактары жазып чыкты. 

Анын айтымында, ушул жылдын май айында директорлор кеңешинин мүчөсү Замир Кожомуратов кызматтан бошотулгандан кийин, мүлк фондунун төрагасы тарабынан коркутуулар боло баштаган. Ал эми анын иштен алынуусуна жүйөөсүз жумушка келбегени жана компетентсиздиги себеп болгон. 

"Маммүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров "Замир Кожомуратовго байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранам. Азырынча мен адамча суранып жатам" деген дейт, - Маралбү Бианки".

Маралбү Бианки кошумчалагандай, 16-июнда ал 2018-жылдагы интернет сатып алуу боюнча күбө катары УКМКга чакырылган.

--"Бул сатып алуунун" Кыргызтелеком "ААКтын директорлор кеңешине эч кандай тиешеси жок" деп түшүндүрдү ал.

Директорлор кеңеши президент Садыр Жапаровдон жагдайга көңүл бурууну өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости