www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк олимпиадага тигилген спорттук кий имдер элдин кыжырын кайната баштады. Эки күндөн бери социалдык тармакта аттуу-баштуулар спорттук кийимдерден баш тартуу сунушун баштады. Белгилүү журналист Кубаныч Заинидин оюн төмөнкүчө билдирет.

--Жапондор майда чүйдөгө абдан маани берген калк деген ашынган акыл жыттангансыйт. Спортко спорттой мамиле кылсак ээ аттиң? Юбилейдин чапан чепкени кылбай...

Кой, оозубузду ачып олтура бербейли, «БАШ ТАРТАБЫЗ!» урааны менен каршылык билдирели. Дагы убакыт бар. Чындаса 19 кыз уланыбызга 2 күндө даярдап койо алышат кийимди.

Анан да ушул ашмалтайды жактырган, тандаган комиссия кеткен чыгымдарды кайра кайтарып беришсин. Жоопкерчиликтери каралсын. Улут жүзү аларга оюнчук эмес! 95 миӊ сомго бир чапан, бир туфли анан бир моюн орогуч деген эмне шумдук?! Элди келесоо ойлогон доор өттү, тамтаӊдабагыла чимкирик чиновниктер! – дейт.

Тилек Рыскулов: - 95 миң сомго сакура түшүрүлгөн чапан кийбей эле койдум! Чапанын сүйрөгөн чалдардай кылбай, спорттук иш-чарага ылайык форма тигишсин. Ушул форманы тандаган комиссия жоопко тартылсын!

Бегиматов Бакыт: - Уйгурский вариант болуптур орноментери…

Жаннат Мажитова: - Дилбар дегендин көйнөктөрү укмуш деле эмес. Кыргызча эч нерсе жок. Калп эле көбүртүп-жабыртып, ашыра мактап бренд кылып алган. Баасын асмандатып алган. Андан көрө Гүлмира Акматованын кийимдерин кыргыздын бренди десе жарашат. Ал кытайдын материалын ала коюп буюм жасабайт. Мериностун жүнүнөн өзү кездеме жасап, улуттук колоритте кийим чыгарат.

Syrym KG: - Бүткүл дүйнө эли көргөн Олимпиадада кыргыз спортчулардын костюмдарына өзүбүздүн тарыхыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды өзүнө камтыган, өзгөнүн көзүнө кыргыз улутунун жүзүн чагылдырып тургандай идея берилсе жакшы болмок. Бул эмгекте кыргыздын, ата-бабалырыбыздын, энелерибиздин баскан жолун көрө алган жокмун..

Назгуль Мамытова: - Спортчу улан-кыздарды шылдыңдашыптыр кыскасы!

Joldubai Mamasharipov: - Бекер кылам деген фирмалар очеред болуп турат реклама кылып калалы деген. Кыргызстандыкы, Зарубежный фирмалар толтура! Каяктагы Дилбар! Бигсер, Сажда, joma деген мыкты фирмалар өздөрүн мировой аренада көрсөткөн! Бергиле ошолорго сонун жасап келген буга чейин дагы андан сонун жасап берет! Бул кийимдер Олимпиада оюндарынан кийин масштабдык түрдө Кыргызстанда мода болуп кийиле турган кийим. Бул чапанды ыссыкта эчким кийбейт Кыргызстанда 7-ай ыссык климат!

Урматтуу өкмөт башчы Улугбек Марипов, элдин ою менен эсептешип чукул арада спорттук кийимдерге маани берүүңүз зарыл. Кыргыздын жигиттери качан гүлдүү кийим кийген. Же Ак үй тарапта аттуу-баштуу көгүлтүрлөрдүн сунушунан кайта албай жатсаңыз, бизге ачыгын айтсаңыз, биз Сиз тараптабыз. Жогорку кийимдерди “Дилбар” өздөрү кийип алсын, “радуга” орнаменти “гейлерге” таандык! Төмөндө Асылжан Камбарованын эмгектери да жаман эместей.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости