www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыймык Жапыкеев Садыр Жапаровго эмнеге кайрылуу жолдоду?

Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев президент Садыр Жапаровго коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага мамлекеттик ардактуу наам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Кайрылууну ал социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган.

Жапыкеев өз кайрылуусунда Ассоль Молдокматованын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы чоң экендигин белгиледи.

--"Бул аялдын кыргыз эли үчүн жасаган эмгеги зор. 25 жылдан бери Ассоль коомго пайда алып келди. Керек болгон учурда ал Баткенде болгон, ал пандемия учурунда ыктыярчылардын бири болгон. Ал каражат табуу менен канча баланы окутту! Россиядагы В.Зайцев, Ф.Киркоров жана А.Пугачеванын мааракелери жана үйлөнүү тойлору биздин кыргыз кызы Ассолсуз өтмөк эмес. Менин оюмча, Россия ага Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын ыйгарды. Пандемия учурунда Ассоль Кадыровго, Путинге жана Эрдоганга кайрылуу жазганда, бардыгы жооп беришкен (мен сыймыктанам)", – деп жазган Жапыкеев.

Финполдун мурдагы башчысы ошондой эле кыргыз эли Молдокматованын баркын билбейт деп баса белгиледи.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Ассолду татыктуу мамлекеттик наам менен сыйлоону суранабыз. Эл ушуну сурап жатат. Саясатчылар менен эмес, эл менен болгула. Эл сизди ошол кездегидей колдойт", - деди ал. Финполдун экс-башчысы кыргыздар коомдук ишмердин баркын билбейт деп баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости