www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилекке каршы, ККМ аппараттарды орнотууга каршылык дале уланууда. Айрым ишкерлерге, ишкердик субьекттерге ККМ аппараттары аркылуу мыйзамдуу, толук өлчөмдөгү салыктарды төлөгөндөрү жакпай атат. Мындай пикирин журналист Мирлан Дүйшенбиев билдирди.

"Буга дейре капчыкты толтуруп келген акчалар эми бюджетке түшүп атканы менен макул болгулары келишпей итатайлары тутулууда. Ачык да, тымызындан да ККМ аппаттарга каршы иш-аракеттер жүрүүдө.

Англиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчердин: «мамлекеттин акчасы болбойт, элдин салыгынан топтолгон акча болот» деп айтканы бар. Демек, салыкты жашыруунун өзү чоң кылмыш. Себеби, ошол эле төгүлүп жаткан салыктардын топтолушунда алармандардын, элдин үлүшү бар. Салыкты жаап-жашыруу – бул элдин ырыскысын уурдоо, элдин чөнтөгүнө кол салуу дегенди билдирет. Ошон үчүн Батышта «адам өлтүргөндөр жазадан кутулса да, салыкты жашыргандар жазадан кутулбайт» деген принцип иштейт. Салыкты төлөбөгөндүк, аны жаап-жашыруу оор кылмыш катары эсептелет.

Биз да ошондой түшүнүккө, принципке жетишибиз керек. ККМ - ишкерлердин акчасын тоноочу аппарат эмес, тескерисинче, салыктардын калыс, акыйкат төлөнүшүн камсыздаган аппарат. Ишкердик субьекттердин баары кирешесине жараша салыктарды төлөшү керек. Ошондо салык саясатындагы акыйкаттык болот. Ансыз салыктардын калыстык менен жыйналышына жетишүү мүмкүн эмес. «Салыкты төлөбөйм, ал акча капчыгымда калышы керек, мен байышым керек» деп жер тепкилеп, бет тырмарлык кылгыдай Кыргызстан банандык өлкө же жунгли токою эмес! Ушуну ар бирибиз түшүнсөк жакшы болор эле", - деди Дүйшөнбиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости