www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Мирлан мырза, өлбөгөн жанга жаз келди. Бул учурда бизде көп жылдардан бери келаткан көнүмүш адат бар эмеспи, оппозициялык маанайдагы саясатчылар, жарандык активисттер бийликке болгон сын көз караштарын билдирип, митинг, пикет уюштурмай. Бу жолу негедир тынч сыяктанат?..

-- Жалпыбызга маалым болгондой, азыркы бийлик башында тургандар учурдагы өзүн “оппозициямын” деген адамдар менен бир сыйра күрөштөрдү жүргүзүп, кепке келчүсү менен келишип, жайбаракат жашоого өтө башташты.

-- Ошондо кимдер менен кепке келишти?

-- Аларга мисал катары, ар дайым, кайсы гана бийлик келбесин оппозиция символу болуп жүргөн Өмүрбек Текебаевди Германияга куугунтук өңүтүндө эмес, элчи катары жибергенин айтсак болот. Андан кийин эле Адахан Мадумаровго иш козголду.

Учурда көптөгөн түшүнүксүз жагдайлардан улам бийликке тике сүйлөп, тиш кайрай турган оппозициялык маанайдагы адамдар эмне кыларын билбей, айла-амалдары кетип атканы сыңары. Бирок, табигаттын мыйзамына эч ким каршы тура алган эмес, демек, оппозициянын башы эртедиркечтир көрүнөт.

Учурдун талабына ылайык жаңылануу процесси жүрүп жатканын байкасак болот.

-- “Жаңылануу” деп кеттиң, бул эми кандай кадамдар?

-- Бийликтегилер илгеркилерден жадап, жаңы адамдардан куралып атпайбы. Анын сыңарындай, оппозиция “армиясы” да жаңылар менен абдан тездикте пайда болот.

-- Түшүндүк, эми өзүңдү айтчы?

-- Эмне себептен “оппозициямын” деп айтпай атканымдын себеби, аларга өтүп алгандар бийликтин жакшы жагын көргүсү келишпей, бир тараптуу шыбагандар деп билем. Мен мындайдан алысмын. Ошол эле учурда “позициядамын” деп да айта албайм.

Бийликтин туура эмес жасап жаткандарына көз жумуп, бир беткей мактоого өткөндөргө кошулбайм. Жаңы муундагы саясатчы катары коомдогу болуп аткан терс көрүнүштөрдү терстей, мактоого татыктууну мактап, болгонун болгондой айткан адаммын...

Булак: Азия News гезити

Последние новости