www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өтө олуттуу маселени, талашты же адам тагдырын чечээр сөз жүйөөсү сөз атасы делген. Аны өз учурунда айтуу сөз атасын тапкандан да маанилүү болгон. Бирисиз экинчиси иштеген эмес. Акыйкат сөздү өз убагында айтууну шарттаган нарк сөз атасы өлбөсүн деп аталган.
Калканбай Ашымбаев - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер: Сөздүн атасы эмне? Сөздүн олуясы эмне? Сөздүн олуясы бата жана алкыш. Сөздүн ылайы каргыш. Жакшысы ырыс, жаманы уруш. Буларды биле жүргөн дурус. Оттуу жүрөктөн жалындаган бышкан сөз чыгат, отсуз жүрөктөн быкшыган сөз чыгат. Ириген ооздон чириген сөз чыгат деп да айткан кыргыз. Акылдуу жүрөккө себилген урук гүл ачып берет бир аз туруп, санаалуу жүрөккө себилген тукум өнөөрүн өнөт бир гана укум. Көңдөй көөдөнгө көмүлгөн данек - андан эч убакта болбойт дарек.
Сөз кадырлаган кыргыз сөз билген адамдарды алыстан сөз угууну чакырып келип, эл жыйып, сөз атасы келди, уккула, сөз атасын билген эл өсүп, өнөт деп атайын уюштурган экен. Дөңдө олтурган карыяларыбыз акыл, ойдун баарын айткан, санжыра айткан. Элди улам бир конушка көчүрө турган ошол улуу сөздөр болот. Кыргызда сөзүн өлтүргөндү өзүн өлтүргөн дейт. Элди сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылган кээ бирлер чыгат эмеспи.
Сөзү салттуу башталып, нарктуу бүткөн, жүрөгүндө ай ааламда болгон адамкерчиликтин асыл сапаттарын күткөн бул табийгый чечен таланттан бүткөн. Сөздү куюлуштуруп жаңшаган, бирок акылды капарына албаган, ойго бечел, бул кургак чечен. Майдалап жааган жаандай сөздү алыстан имерген, укканды жадатып жиберген - бул жөө чечен. Сөзгө конок бербес салттуу сөз башталып жатканда орто жерден жыра талашкан - бул сөз билбеген бабыр.
Сөзү өлүп, ишенимден кеткен кишини кыргыз катардан чыгарып койгон. Эртеңки күнү сөзгө калбайлы деп айыл айылы менен, журт журту менен аярланган. Сөзгө сынуу укумдан тукумга ылакап болгон.
Асанбек Стамов - Кыргыз эл жазуучусу: Сөз атасы кулак, суу атасы булак дейт кыргыз. "Тоорада" адегенде сөз болгон деп айтылат. Сөз деген Кудай эле дейт. Анан ошол сөз Кудай рухка айланды, анан рухтан аалам жаралды, андан адамзат, жер, суу жаралды дейт.
Кудай өз жаратканынын баарын сөздүн күчү, сөз кудурети менен жараткан. Кыргыз байыркы эл катары 4 миң жылдан бери сөз аздектөөнү улантып келаткан эл. Сөздү айта билген, сөзгө жыгыла билген. Бирөөнү мактаганда бир аттык сөз айтты, алтын-зерлик сөз айтты деп сөздү алтын менен баалаган.
Ушул жакка 160 жыл мурда келген Радлов деген окумуштуу түрк деген элдердин ичинен кыргызча сөзгө маани берген, сөздү туюнган, сөзгө жыгылган, анан кооз сүйлөгөн, жомоктоп сүйлөгөн, сөз байлыгы кенен эл жок деп жазган. 150 миң кыргыз сөзүн чогулткан К.К.Юдахин мен Ысык-Көлдүн суусун чакалап алгандай гана алдым, калганын силер чогулткула деп айткан.
Мындан 300 жыл илгерки тарых боюнча бир роман жаздым. Анда калмак менен кыргыз чогуу эле жашачу экен. Качы деген бир олуясы болуптур хандын. Үн катпай башын жерге салып олтурат дейт.
Хан сурайт сен эмне унчукпай калгансын деп. Олуя: "Унчукпаганым өзүмө пайда, сүйлөгөнү элге пайда", дейт. Анда хан сурайт: "Кана айтчы, мен качан өлөм?" деп. "Сен мен өлгөндөн кийин - өлөсүн", - дейт олуя. "Сен качан өлөсүң?" - десе, "Мен азыр алтымыштамын, 120га чыгам", - деп кутулат дейт. Ошентип, каймана сөздөрдүн өзүнчө эле бир океаны болгон.
Бейшенбек Бекешов: Автобуста бараткан бир карыя: "Азыркы жаштар орун бербей калды", - десе бир жигит айтат дейт: "Азыркы аксакалдар устукан бербей калды", деп. Сөздүн атасы келгенде ушинтип айткан дуруспу же улуу кишилерге унчукпай эле койгон дуруспу?
Каныбек Жунушев - акын: Кыргыз Батыштын артынан ээрчийм деп сөз кадырын жоготуп баратат. Тилибиз менен кошо элибиз жок калышы мүмкүн.
Алымкан Дегенбаева - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер: Кыргызда эркектер сүйлөп жатканда аялдар сөз келмейинче унчуккан эмес, улуулар сүйлөп жатканда кичүүлөр унчуккан эмес. Ушунун өзү маданият болгон. Жигиттин сөз менен убада бергени сөзсүз аткарылган. Азырчы? Бир ооз сөз менен согуш ачып, бир ооз сөз менен согушту токтотуп койгон эле кыргыз.
Кайрат Иманалиев - драматург: Ооздон чыкканча сөз адамдын кулу, ооздон чыккан соң адам сөздүн кулу болот. Айткан сөз атылган ок. Сөз менен адамды өстүргөн, сөз менен өлтүргөн. "Сөздөн курган имарат түбү урагыс", деп айткан Т.Сыдыкбеков. Дүйнөдөгү 7 кереметке теңдеш болгон кыргыздын "Манас" эпосу бар. Сөздөн курган имарат.
Уламадан уккан сөз,
Улам бирге жуккан сөз,
Эрендерден калган сөз,
Энчи кылып алган сөз, - деп айтылат "Манаста".
Кусейин Карасаев жаны чыгаар алдында молдодон сурайт дейт: "Жан биринчи кетеби же тил биринчи кетеби?" - деп. Молдо: - Жан биринчи кетет, - деп жооп бериптир. Анда Кусейин аба: - Менин тилим биринчи кетип баратат.
Оозуман сөзүм кете электе элиме керээз айтып калайын, - деп айткан сөзү бар. Эсенгул Ибраевдин: - Өнбөс доону өндүргөн тил, көнбөс жоону көндүргөн тил, - дегени да бар эмеспи. Атаке баатыр Кокон ханы Нарботого барганда ал: - Бу Кудай-Таалам кебете-кешпир белүштүрүп жатканда сиз кайда жүрдүңүз эле? - деп сураса Атаке баатыр: - Мен анда бакты-таалайдын базарында жүргөм, - деп жооп бериптир. Курманжан датка да Бухара эмири Музафардын сиздин неге бетиңиз жабылбайт деген суроосуна: - Бет адамдын уяттуу жерине кирбейт, - деп жооп бериптир.
Бейшенбек Бекешов, журналист
Булак: NazarNews.kg