www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыңыр иш, же геосаясатты түшүнбөгөн кыргыздарга сабак

СССР таркаган жылдары көп катачылыктар кеткени белгилүү. Ошол катачылыктарды айтып-деп, элге түшүндүрүп, оор абалдан чыгуунун ар кандай жолдору болгон. Бирок саясыйэкономикалык каатчылыктан пайдаланган АКШ Кыргызстанды талкалаган долбоорлорун таңуулап, акчанын күчү менен ишке ашырып турган.

АКШнын акчасын алыш үчүн адегенде калпагын алып ыргытып, андан кийин кийип жүргөн чепкенин чечип берип, акырында ыштанын чечип акча алышкан... Оңой жолду тандап алган Кыргызстан оңкосунан түшүп, кризистердин сазына барып сайылды.

Экономикасы өлдү, өзү талкаланды, эли чачырай баштады. Жыйынтыгында, АКШны “обожать” эткен Кыргызстан баардык мамлекеттерден артта калып, Тажикстандын тепсендисинде калды.

Пайда издеген кытайлар, арабдар, түрктөр жана башкалары “проходной дворго” айлантып алышкан. Баары бирдей “эти меники, сөөгү сеники” деген принципти карманышат. Канадалыктар болсо миңдеген тонна алтынын ташып кетишип, уулуу калдыктарын кыргыздарга калтырышты.

Мамлекеттүүлүк жана мыйзамдуулук жоголгон Кыргызстан коррупция менен мафиянын мекенине айланып, кыргыз элинин жашоосу тозокко айланды. Мунун баары марксизм-ленинизмди окубай, окуса да түшүнбөй калган кыргыздардын катачылыгы болуп эсептелет.

Бүгүнкү президент Садыр Жапаровдун “калыстыгы” кимдерге ыңгайлуу? “Экспансия” саясатын жүргүзгөн тажиктерге пайда керек. Ал эми Россия–Кытай–Кыргызстанды жок кылгысы келген АКШга киреше керек.

Кыргызстан Россия менен достук мамиле түзсө, Тажикстан “кыңк” эте алмак эмес. Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен достук мамиледе болгондо, тажик туугандар тежиктигин көрсөткөн эмес.

Кийин ака-үкалардын өзүмбилемдиги орногондо, Кыргызстанды мамлекет катары санабай калышкан.

Бүгүнкү күндө геосаясатты түшүнбөгөн кыргыздар менен Украинаны талкалаган клоундун айырмасы жок болуп калды. Президент Садыр Жапаров айланасындагы чала сабаттарга марксизм-ленинизм боюнча экзамен алса, көздөрү ачылмак.

Жеке эле орустар эмес кыргыз элинин да келечеги үчүн согушуп жаткан Россия президенти Владимир Путинге, чечен лидери Рамзан Кадыровго, Беларусь президенти Алекесандр Лукашенкого ыраазы болушмак.

Булак: Азия News гезити

Последние новости