www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 25-мартында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Индия Республикасынын төрагалыгынын алдында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк Кеңешинин (ШКУ РТТ) кезектеги отуз жетинчи жыйыны болуп өттү. Ага Индия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын делегациялары жана ШКУнун РТТнын Аткаруу комитети катышты.

Тараптар аймактык коопсуздуктун абалын карап чыгышып, ШКУ аймагында терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында, учурдагы кырдаалды талкууланып, ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээли боюнча пикир алмашышты, эл аралык террористтик уюмдардын коопсуздука тийгизген коркунучтарына жооп берүү максатында биргелешкен чараларды белгиленди.

Отурумдун жүрүшүндө ШКУнун РТТ Кеңешинин 2021-жылдагы ШКУнун РТТ ишмердүүлүгү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине баяндамасынын долбоору макулдашылды. 2021-жылы ШКУнун РТТ Кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат каралды. ШКУнун РТТнун Аткаруу комитетинин өткөн мезгилдеги ишмердүүлүгүнө оң баа берилди. 

Индия Республикасынын аймагында ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын “Манесар–Антитеррор–2022” биргелешкен терроризмге каршы машыгуусун өткөрүү боюнча, ошондой эле Казакстан тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен “Достук чек ара – 2022” чек ара операциясы сунуштары колдоого алынды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин сегизинчи кеңешмесин жана ШКУ РТТ сегизинчи эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүү жөнүндө чечимдер кабыл алынды.

ШКУнун РТТнын Аткаруу комитетинин ишин уюштуруучулук, кадрдык жана финансылык жактан камсыздоо маселелери макулдашылды.
ШКУнун РТТнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө кошкон жеке салымы үчүн ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын бир катар кызматкерлери жана ШКУнун РТТнын Аткаруу комитетинин кызмат адамдары Кеңештин Ардак грамотасы жана ШКУнун РТТнын төш белгиси менен сыйланышты. 

ШКУнун РТТ Кеңешинин кезектеги жыйынын 2022-жылдын 14-октябрында Индия Республикасында (Нью-Дели) өткөрүү макулдашылды.
Кеңештин отуруму ишкердүү жана достук маанайда өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости