www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна барып, маралдарды кармоо шарттары менен таанышты.

Маалыматка ылайык, ал коруктардын жана жаратылыш парктарынын башчыларынын алдына уникалдуу экосистеманы, флора жана фаунаны коргоо жана сактоо, ошондой эле Нарын коругунда жашаган маралдын санын көбөйтүү боюнча тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, Мирслав Аманкулов маралды сактап калуу, көбөйтүү жана жашоо чөйрөсүн кеңейтүү максатында Кыргызстандын бардык аймактарына маралдарды көчүрүү процессин баштоону тапшырды.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги “Батыш Тянь-Шандагы маралдарды реинтродукциялоо” долбоорунун алкагында, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2018-жылдын июнь айында Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунан 9 марал башын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Балтыркан токой коругуна көчүргөнүн белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости