www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Янги Узбекистон" гезитиндеги маегинде өлкөдөгү коррупциянын кесепетинен мамлекет канча зыян тартып жатканын айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Мамлекет башчынын айтымында, 2020-жылы пара алууга байланышкан кылмыштар боюнча 1 723 кызмат адамы жоопко тартылган. Алар тарабынан келтирилген зыяндын өлчөмү 500 миллиард сум (болжол менен 4 миллиард сом) деп эсептелген.

Ал эми быйыл жыл башынан берки беш айда коррупция беренеси боюнча 1 696 кызматкерге кылмыш иши козголгон. Мамлекетке тийгизген залакасынын суммасы 450 миллиард сумду (болжол менен 3,6 миллиард сом) түзгөн.

"Күнөөлүүлөрдөн материалдык зыяндын баары өндүрүлөт. Коомчулукта коррупцияны түп тамырынан жоюуга багытталган саясат келечекте дагы да улантылат", — деп айткан Мирзиёев.

Өзбекстан БУУнун бактылуу өлкөлөр рейтингинде 42-орунду ээлеп, Борбор Азияда биринчи сапка чыккан. Рейтингди түзүүдө коррупциянын деңгээли, ички дүң продукция, жашоонун узактыгы, өлүмдөрдүн деңгээли, коопсуздук, жарандардын эркиндиги жана туруктуулук эске алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости