www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек бийлиги Ооганстандын убактылуу өкмөтүн эл аралык террордук уюмдар менен бардык байланышты үзүүгө чакырып жатканын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

"Биз Ооганстандын азыркы өкмөтүн бекем эрк көрсөтүүгө жана терроризмдин бардык формаларында жана көрүнүштөрүндө алдын алуу жана ага каршы туруу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө, бардык террордук уюмдар менен байланышты үзүүгө чакырабыз. Бул Убактылуу өкмөткө ишенимди бекемдөөгө жардам берет", - деди Мирзиёев.

25-26-июль күндөрү Ташкентте "Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү" аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Анын ишине 100гө жакын чет элдик делегация катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости