www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев улуу түркмөн акыны жана ойчул Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду.

Мирзиёевдин чечими түркмөн интеллигенция өкүлдөрүнүн арасында кызуу талкуу жаратууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын жазганына караганда, түркмөн интеллигенция өкүлдөрү өзбек президенти өз токтомунда Магтымгулы Фрагинин улуу түркмөн ойчулу жана акыны катары гана эмес, ар бир өзбек үй-бүлөсү үчүн баалуу болгон чыгармалардын көрүнүктүү автору катары белгилегенин ыраазычылык менен кабыл алышты.

Маалыматка караганда, маданият ишмерлери жана карапайым тургундар, анын ичинде Түркмөнстанда жашаган өзбектер маданий байланыштарды чыңдоо эки эл үчүн пайда гана алып келерин белгилешүдө.

Түркмөнстанда жашаган этникалык өзбектердин айтымында, Фраганын чыгармалары өзбек элинин тилине, жүрөгүнө жана дүйнө таанымына абдан жакын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости