www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү астролог жана окумуштуу Мишель де Нотрдам (Нострадамус) 2021-жылы Жердин ар кайсы бөлүгүндө бир нече кыйроолор боло турганын айткан.

Ал дүйнөдө «чоң согуш» чыга турганын, дүйнөлүк жаңы эра башталып, адамдарды зомбиге айланткан биологиялык курал пайда болорун божомолдогон.

Франциядан чыккан астролог, окумуштуу жана көзү ачык алдын ала көргөндөрүн орто кылымда китепке сыйдырган. Маалым болгондой, ал өз эмгегине 3797-жылга чейинки окуяларды жазган. Астрологдун божомолунун баары «Мишель Нострадамустун алдын ала айтуусу» деген китепке төрт сап (катрен) болуп жарыяланган.2020 / FABRICE COFFRINI

Анын айтымында, 2021-жылы дүйнөгө климаттык өзгөрүү чоң коркунуч жаратат. Кеп жаан-чачындан келип чыккан сел, суу каптоо тууралуу болуп жатат.

Мишель де Нотрдам айтуусуна таянсак, бул кыйроодон Түндүк Америка, Европа менен Азиянын түштүк бөлүгү көбүрөөк жабыркашы ыктымал. Мындан сырткары, Нострадамус кирип келген жылы Жерге олуттуу зыян алып келе турган магниттик бороон болорун эскерткен.

Астрологдун китепбинде ушул жылы чоң согуш башталышы мүмкүн экендиги да жазылган. Ал согуш Чыгыштын мусулман өлкөлөрүнүн биринин христиан державасына болгон чабуулунан улам чыгышы ыктымал.

Жыйынтыгында качкындар Европанын түндүк мамлекеттерине жана Россияга массалык түрдө агылышы ыктымал. Кайсы мамлекет дүйнөнү чоң согушка кептеши мүмкүн экендиги Нострадамустун эмгегинде так жазылган эмес.

2021-жылга карата көзү ачыктын жазгандарынын арасында жаңы дүйнөлүк ишеним пайда болору да бар. Дал ушул жылы жаңы диндин баштапкы процесстери башталышы мүмкүн.

Астролог дүйнөдө жарым өлүк адамдар да пайда болорун божомолдогон. Башкача айтканда, философ Жер жүзүндө зомби апокалипсис баштала турганын жазган.

«Адамзаттын жашоосу бүтөрүнө ойлогондон да аз калышы ыктымал. Анткени кайсы бир окумуштуу адамдарды зомбиге айланткан биологиялык курал вирусту ойлоп табат», — деп айтылат окумуштуунун эмгегинде.

Ошондой эле, бул жылы Россиянын аймагынан өтө турчу жаңы соода жолу пайда болушу ыктымал. Ал Кытай менен Европанын экономикалык потенциалынын өнүгүшүнө себеп болот.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости