www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыркы бийлик баарына барат. Каратып калп айткан адамдар шайлоонун жыйынтыгын каалагандай бурмалайт», - дейт журналист Айданбек Акматов. Ал мындай пикирин өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бийлик шайлоо жыйынтыгын кандай жол менен болбосун, өздөрү каалагандай чыгарууга кызыктар.

«Фальсификация коркунучу

Кыска убакта кыргыз калкы Садыр Жапаровдун кимдигин жакшы эле билип калды. Бирок дагы да азыраак убакыт болгондо толук билип алат эле. Ага эми мүмкүнчүлүк жок. Шайлоо жакындап келе жатат.

Мына ошол 10-январда президенттик шайлоодо бери дегенде экинчи тур болуп, ага Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун чыгуусу көбүрөөк реалдуу экени байкалып турат. Көптөгөн сурамжылоолор, калк ичиндеги сөздөр, эки негизги талапкердин жолугушууларына келген шайлоочулардын саны да муну ырастап турат.

Маселен, Like.kg деген сайт бар. Көптөн бери сурамжылоо жүргүзүп келе жатат. 2-январга карай ал жерде Мадумаровго добуш бергендердин саны 72 717 болсо, Жапаровго бергендер 72 656 болгон. Мына ушундай айыгышкан жарыш үгүт өнөктүгү башталгандан бери болуп жатат.

Бул арада Жапаровдун жалданма фейктери (Жапаровду колдоп, анын атаандаштарын жамандагандардын 70-80% фейк экени анык. Аны ар бир фейсбук колдонуучу жеңил эле аныктап алса болот. Ал үчүн ошол фейктердин баракчасына кирип көрсөң эле дайын болот. Же сүрөтү жок, же башка баяны жок, же достору жок, жакында ачылган баракчалар фейктер баракчалары) шайлоодо Жапаров 80% алат дегендей үгүт жүргүзүп, ага көпчүлүктүн кулагын көндүрүүнү көздөп жатат. Бул алдын-ала фальсификация жыйынтыктарына да көндүрүү болушу мүмкүн.

Шайлоонун жыйынтыгы эки жол менен аныкталат.

1) Автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөр аркылуу.

2) Кол санак.

Автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдөн келген маалыматтар бир серверге топтолот. Ал серверди көзөмөлдөөчү адис бар. Ал адисти көзөмөлдөөчү бийлик бар. Бийлик болсо шайлоо жыйынтыгын кантип болбосун өздөрү каалагандай чыгарууга абдан кызыктар.

Негизи президенттикке талапкерлер байкоочуларын мына ошол серверге, аны көзөмөлдөгөн адистин үстүнөн коюш керек эле.Тилекке каршы ал серверди көз карандысыз байкоочулар көзөмөлдөбөйт. Демек, компьютерге тийиштүү маалыматтар алдын-ала салынып, ал бийликке керектүү маалыматты чыгарып коюшуна эч кандай тоскоолдук жок. Андай болбойт дегенге кепилдик да жок (КТРК үчүнчү дебатты жок кылгандай эле).

Кол санакты бурмалоону бийлик кошоматчылары мурдатан эле абдан өздөштүрүп алышкан. Анын үстүнө талапкерлер бардык шайлоо тилкелерине байкоочу кое алышпайт. Ага финансы, адам ресурстары жетишсиз...

Ошондуктан 10-январдагы президенттик шайлоодо фальсификация коркунучу абдан реалдуу.

Бул бийлик баарына барат. Каратып калп айткан адамдар шайлоонун жыйынтыгын каалагандай бурмалайт...» - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости