www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цян менен Ханчжоу шаарында бейрасмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
3-ноябрда Мишустин Россия менен Кытайдын бийлик өкүлдөрүнүн 30-жолугушуусуна катышуу үчүн Ханчжоу шаарына келген. Иш-чара баштала электе эле эки өлкөнүн премьер-министрлери көл жээгиндеги виллалдардын биринде жолугушкан.
Орусия өкмөтүнүн маалыматына караганда, Мишустиндин Ханчжоуга чакырылышы — Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ишениминин жана урматынын белгиси болуп саналат. Мындан тышкары, бул кадам Россия менен Кытайдын өзгөчө мамилесин дагы бир жолу тастыктайт.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Си Цзиньпинди «бул адамдар менен оюн кылууга болбойт» деп мүнөздөгөн. Ал экөөнү күчтүү жана катуу мүнөздүү лидерлер деп атаган.