www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак президентти Токаев эскертүүсүз ок атууга буйрук берди. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарда кескин сынга кабылып жатат. Митингчилер өздөрүн "террорчу" деп атоого каршы экендиктерин, социалдык начар абалга жана кымбатчылыкка нааразылык иретинде акцияга чыгышканын айтууда. Алгач Токаевдин ата-тегин сүрө кетели, анын аталары Бишкекте эмне себептен жашап калышкан? Казакстанда болгон ачарчылыктан  качып өткөн кылымдын 30-жылдары президент Токаевдин чоң атасы Тока аялын жана үч баласын ээрчитип Фрунзеге келет. Кыргыз эли аларды жылуу кабыл алганы менен алардын башынан кырсык кетпей койот. Токаевдин чоң энеси паралич болуп, буту-колу кыймылдабай калган. Бир жолу Токанын балдары Касым менен Кемел ичип жегенге тамак издеп кеткенде, алардын кичинекей карындашы от жагылып турган очокко түшүп кетип, кыймылсыз жаткан энесинин көзүнчө күйүп кетет. Ошол эле кезде Касым менен Кемелди багуусуз балдар катары кармап, жетимдер үйүнө жөнөтүшөт. Энеси балдарынан тирүүлөй айрылганына чыдабай тиги дүйнөгө кеткен экен. Касым менен Кемел жакшы окушуп, институтка өтөбүз деп жүрүшчү. Бирок согуш башталып Касым согушка кетип Ржевдун алдында курман болот.  Кемел дагы 18 жашында согушка аттанып баатырдык менен салгылашат. Анын эки «За отвагу» деген медалы бар, майдандан катуу жарадар болуп келип  КазГунун филфагына балдак менен окууга тапшырат. Кемел Токаев казактын белгилүү жазуучусуна айланат. Анын жубайы Надежда Давыдовна Токаева.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы 7-январда телеканалдар жана интернет сайттар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат берди. Ал өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын", полициянын, Улуттук гвардиянын жана армиянын күчтөрү менен масштабдуу аракеттер жүрүп жатканын маалымдады. Жалпысынан кырдаал турукташып калганын, конституциялык мыйзамдуулук калыбына келип жатканын айтты: “Бирок, террорчулар мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө дагы деле зыян келтирүүдө, жарандарга карата курал колдонуусун улантууда. Ошондуктан укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет жакта тургандар тараптарды тынчтык жол менен сүйлөшүп чечүүгө чакырыктар айтылып жатат. Кандай акылсыздык! Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз чет элдик жана жергиликтүү куралдуу жана атайын даярдыктан өткөн башкесерлер менен кармашып жатабыз. Бандиттер жана террорчулар. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул жакын арада толук аткарылат”,-деди ал.

Токаев ошондой эле ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүп жатканы үчүн Армениянын премьер-министрине, Орусиянын, Кыргызстандын, Беларустун жана Тажикстандын президенттерине ыраазычылык билдирди: “Жашырынып жаткан жоочулардын топтору даярдыктарын мамлекет кантип “уктап” билбей калганынын сөзсүз аңдашыбыз керек. Алматынын өзүндө эле 20 миң бандит кол салды. Алардын дээрлик бардык облустардагы аскердик, административдик жана социалдык объектилерге карата акциялары так даярдыкта жүргөнүн, башкарылып турганын, жогорку чабуулдук даярдыкта жана зомбулук менен жүргөнүн көрсөтүүдө. Жоочулардан сырткары идеологиялык диверсия, дезинформация же “фейктер” менен алектенген же элдин маанайын манупуляциялаган адистер иштеди. Сыягы, даярдык жана жетектөө менен бирдиктүү командалык пунктта жүргүзүлгөн”,-деп айтылат президенттин сөзүндө.

Мунун алдында Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдаган. Ага чейин, 7-январдын таңында президент “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөргөн. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. натыйжада Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери келе баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости