www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексика Кошмо Штаттарынын бир катар аймактарында баш аламандыктар орун алганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын кырдаал турукташканга чейин аталган аймактарга баруудан карманууга чакырат.

Мексиканын аймагында жүргөн жарандарга коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын сактоо, адамдар көп чогулган жайлардан алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигине (Вашингтон ш.) төмөнкү байланыштар аркылуу: +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924, [email protected]Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот: +996 999 312 002.

Последние новости