www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен продукцияны ташып келүү, жасалмалоо жана сатуу боюнча кылмыш токтотулду, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда ата мекендик азык-түлүктүн атын жамынып, мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын сатуу аракеттерине бөгөт коюлду.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында "Евразия канаттуулар фабрикасы" ЖЧКсынын объекттеринде жана уюмдун жетекчисинин жашаган жеринде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө муздаткычтарда жарактуулук мөөнөтү өткөн ири өлчөмдөгү контрафакттык канаттуулар продукциясы табылган. Бул азыктар базарларда жана гипермаркеттерте ата мекендик өндүрүш катары сатылып келген.

Мындан тышкары компаниянын жетекчилиги тарабынан миграциялык мыйзамдарды бузуу фактылары аныкталган. Алар Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө уруксаты жок жүргөн Бангладеш Республикасынын 28 жаранын жана Пакистан Республикасынын 4 жаранын ишке тартышкан», - деп айтылат расмий маалыматта.

 

Последние новости