www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Моюндагы бырыштарды кантип кетиребиз?

1. Дрожжго ачытылган камырды жайып, моюнга 30 мүнөт коюу керек. Бул масканы күндө жатаар алдында бир ай жасаса моюндагы бырыштар кетип, ал эффект алты ай кармалат. Ушул эле масканы беттеги бырыштарга да каршы колдонсо жыйынтыгы жакшы болот.

2. Картошканы сууга бышырып алып эзип, ага бир чай кашык глицерин, бир чай кашык оливка майын аралаштырып, аралашманы марлиге салып, моюнга жылуу боюнча жаап, анын үстүнөн желим баштык менен сүлгүнү ороп коюу керек. Масканы 15-20 мүнөт кармап, андан кийин жылуу суу менен жууп салуу зарыл. Ушул масканы бир канча жолу жасагандан кийин моюндагы бырыштар кетип, моюн териси жылмакай болуп калат

3. Эгер моюндун териси шалбырап калган болсо, бир стакан сууга бир чай кашык тузду салып жакшылап аралаштырып, бинтти бир канча катмар кылыл туздуу сууну сиңирип аны моюнга жаап, артынан кургак бинт менен таңып коюу керек. Жарым сааттан кийин алып салуу керек. Бул компрессти жумасына эки жолу жасап турса моюндун шалбыраган териси мурдагы калыбына келет.

Булак: Фабула

Последние новости