www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-июлда Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаӊы конушунда Молдакун Абдылдаев жана жээн небереси Софья Борукеева акыркы сапарга узатылды.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына Молдакун Абдылдаевдин кесиптештери, замандаштары катышты.

 

Өмүр баяны:

Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич 1960 - жылдын 22 - августунда Нарын облусунун Ат - Башы районуна караштуу Ат - Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1982 - жылы К.Скрябин атындагы Айыл чарба институтун ийгиликтүү аяктап, мал доктур адистигин алып чыккан. 1988 - жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүрүп, укук таануучу - юрист адистигине ээ болгон.

Мамлекеттик кызматтын 3 - класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Россия Федерациясынын чек ара кызматынын подполковниги болгон.

1982 - 1983 - жылдары Нарын облусунун Ат - Башы районунун 25-  партсъезд атындагы совхоздо ага ветдарыгери болуп иштеп баштаган. 1983 - 1984 - жылдары Кыргыз ССРнин илимдер академиясынын биохимия жана физиология институтунда ага лаборант, 1984 - 1987 - жылдары Кыргыз ССРнин илимдер академиясында аспирант, 1987 - 1990-жылдары Кыргыз ССРнин академиясынын биохимия жана физиология институтунда ага лаборант, аспирант, илимий кызматкер, 1990-1993 - жылдары Кыргыз илим изилдөө ветеринардык институтунда ага илимий кызматкери болуп эмгектенген.

1993-1995-жылдары Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык департаментинде бөлүм башчы, 1995-1999-жылдары Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы чек ара кызматында 131 - чек ара отрядында башчы, 2000-жылдары Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясында бөлүм башчы, 2001-2004-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясында сектор башчысынын кызматын аркалаган.

2004-2006-жылдары президенттик администрациясында мамлекеттик инспектор, 2007-2008-жылдары КРдин өкмөтүнүн аппаратында бөлүм башчы, 2008-2010-жылдары КРдин акыйкатчы аппаратында аппарат жетекчиси, 2010-2011-жылдары КРдин өкмөтүнүн аппаратында бөлүм башчы, 2011-2014-жылдары КРдин президенттик аппаратында бөлүм башчы, 2014-2018-жылдары КРдин президентинин аппаратында Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Молдакун Абдылдаев ушул күнгө чейин КРдин өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

Өлкөгө сиңирген күжүрмөн эмгеги бааланып, «КРдин мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» наамына ээ болуп, 18 ведомстволук медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

«Молдакун Абдылдаев адамдык бийик парзды ак туткан адам эле. Жан дүйнөсү, руханий байлыгы, адамгерчилиги мол экени менен дайыма айырмаланып турчу. Ал улуу менен кичүүгө бирдей жугумдуу, бирдей алымдуу, ушунчалык таза сөзү, адамдарды өзүнө тартып турган кандайдыр бир күч бар экени байкалчу. Кыргыздын нарк-насилин, салт-санаасын жакшы билген адам катары билчүбүз. Иштесе колунан бардык иш келген, кыргыз элинин мекенчил, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсаны эле.

Молдакун Абдылдаев агабыз үй-бүлөсүндө чоң насаатчы, устат тарбиячы болчу. Өмүрлүк жары Тинатин эже менен уул-кыздарды тарбиялашып, аларга ата-энелик мээримин төгүү менен чоӊ турмуш жолуна салышып, ээрчишип жашоонун жыргалын чогуу көрүп, ошол ак эмгектин түшүмүн жыйнап, даамын татаарда шум ажал арабыздан жулуп кетти...

Молдакун Абдылдаевдин жол кырсыгынын кесепетинен өмүрлүк жары, уулу, небереси менен биргеликте жарык дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу кыздары Индирага, Венерага, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз», - деди Чүй облустук мамлекеттик администрациядан.

Азанаамага Жээнбеков С.Ш., Жумабеков Д.А., Абылгазиев М.Д., Эсеналиев Д.А., Касымалиева А.К., Бакиров М.И., Өмүркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Баатырбеков А.Б., Торобаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Дыйканбаев К.С., Шайлдабекова Н.К., Марипов У.А., Боронов К.А., Разаков Ж.П., Өмүрбекова А.С., Аскаров З.М., Кылжыев С.А., Темирбаев А.М., Султанов А.Ш., Эргешов З.Ж., Турсунбек Акун, Намазалиев А.А. кол коюшту.

4-июлда айдоочу Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош] Аламүдүн районунун Көк-Жар айылына коюлган. Ал болгону 23 жашта эле. Айыл тургундарынын айтымында, үй-бүлөдө жалгыз уул болгон.

4-июлда саат 19:10 чамасында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан Молдакун Абдылдаевдин жээн небересинин денеси табылган болчу.

Тактаган маалымат боюнча, дене Жумгалдын Арал айылындагы Кырчын деген аймактан табылган.

 

Ат-Башыдан Суусамырга Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бара жаткан унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар: 

-1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

-Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору. Ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экинчи жогорку билимин — юриспруденция адистигин алып чыккан.

Эмгек жолун бала бакчада мугалим-тарбиячы катары баштаган. Ош жана Бишкек шаарларындагы жогорку окуу жайларда эмгектенген. 1989-жылдан баштап Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасында, андан кийин ушул эле университеттин алдындагы Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда иштеген.

2003-жылдан баштап Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда жетекчөөчү адис, окуу бөлүмүнүн жетекчиси, декан жана башка кызматтарда эмгектенип келген.

-Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

-Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

-Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости