www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад, Баткен ОИИБде начальник болгон, учурда Ош ШИИБни жетектеп отурган Акылбек Мамасейитовдун амбициясы ашынып, карьералык секирик жасоого жулунуп жатыптыр. Буга чейин ИИМдин орун басарлыгына өтпөй калып, эми Бишкек ШИИБге көзүн кызартканын эшиттик.
Бул кызматтагы Азамат Ногойбаевдин иштей албай жатканынан пайдаланып, креслосун тартып алууга билек түргөндөй. Негизи Мамасейитов чоңдорго, таасирдүү адамдарга жүгүнүп, мамилени «пайлап кылары белгилүү. Анүстүнө капчыктуу, «кызыл шапкечендердин» ичинен эң байлардын катарында турат.
Акчанын күчү менен кызматтарды аркалап келатканы жалганбы? Эми да Бишкек ШИИБни башкарууга жетишсе, андан ары министр болууга бир кадам калат. Бирок, Акылбектин ойноок экени, кечээги жакшылык кылган адамдарын сатып кете бергени, милициядан байыганы эмнени билдирет?
Президенттин администрациясы, жогорку жетекчилик кылдат иликтөө кылса... Алдын ала коңгуроо кагып койдук!
А баса, бул эргулду убагында маркум Молдомуса Конгантиев бапестеп, карьералык өсүш жасатып, кызматтарга көтөрмөлөп, чоңойтуптур. 2010-жылдан кийин бийлик алмашканда Мамасейитов 180 градуска бурулуп, шефин тааныбай кетет. Кабар да албай.
Ачууланган Молдомуса: «Эгер мен кайрадан министр болуп калсам, бул түлкүнү түп орду менен жоготот элем» деп айтканы коомчулукка желдей тарап кеткенин кантесиңер?
Булак: Азия News гезити