www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Аламүдүн районунун Алтын-Ордо конушундагы көчөлөрдүн бирине 2008-2010-жылдары ички иштер министрлигин жетектеген Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилгендиги тууралуу маалымат тараган. Ал жаңылык  коомдо кызуу талкууга алынып, далай талаш-тартышты дагы жаратканга үлгүрдү. Бул боюнча Конгантиев жергиликтүү маалымат агенттигинин бирине өз оюн билдирип, ал боюнча кабарды жакында эле уккандыгын айтып, негизинен ысымы кайсыл бир көчөгө ыйгарылгандыгына каршы эмес экендигин билдириптир.

"Көчөгө атым коюлуп жаткандыгы боюнча кабардар эмес болчумун. Бул тууралуу жакында эле бирөөдөн уктум. Коңшулаш көчөлөргө аты ыйгарылган генералдардын көзү өтүп кеткен адамдар. Эл мени сыйлап көчөгө атымды беришкенине ыраазы болдум, каршылыгым жок", дейт—Конгантиев.

Белгилей кетсек, Молдомуса Конгантиев 2010-жылдагы апрель окуясы учурунда Таласта митингчилер тарабынан барымтага алынып, катуу сабалган. Кийин ага кылмыш иши козголуп, бирок, быйыл ал соттун чечимине ылайык айыпталып жаткан кылмыш иштери боюнча акталып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости