www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күндөн бери, тактап айтсак, 23-октябрдан бери Конституциялык палата мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген статусунун алынганынын мыйзамдуулугун карап жатканы белгилүү. Буга себеп Атамбаевдин тарапташтары анын кол тийбестигинен ажыраганына нааразы болуп, Конституциялык палатага арыз менен кайрылышкан.

Ошентип Конституциялык палатанын эки күндөн берки соттук коллегиясына Жогорку Кеңештин депутаттары болгон Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов, КСДПчы экс-депутат Нурбек Касымбековдор таңдан кеч киргенче отурушууда.

Баткенде чек ара көйгөйү жаралганда ушул эрендердин баштары таптакыр ооруган эмес эле. Өзү Баткен элинин атынан депутат болуп отурган Мурадыл Мадеминов да жердештеринин абалын сурап бир басып барып койгон эмес. Анан эми “кожоюну” АШАнын кол тийбестигин кайтарып алгылары келип, таңдан кечке Конституциялык палатанын соттук коллегиясында отурушканы кандай? Же булар үчүн өлкө кызыкчылыгынан дагы бир адамдын кызыкчылыгы өйдө турабы? Же булар Атамбаевдин убагында жыйнап алган байлыктарын “аш кылып” кетүү үчүн ушундай аракеттерди жасап жатышабы? Же ошол байлыктары үчүн АШАнын алдында аябай карыздар болуп калышканбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости