www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик маанидеги иш-чараларды тиешелүү деӊгээлде өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Депутат Марлен Маматалиев кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери боюнча мааракелик иш-чараларды өткөрүү боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомуна токтолду. Айтымында, 2015-жылда кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жана саясый ишмер Алымбек датканын 215 жылдыгы белгиленмек. Бирок шайлоолорго байланыштуу бул иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Эми ноябрь айында өткөрүү белгиленип, мамлекеттик деӊгээлден райондук деӊгээлге түшүп калды.
Марлен Маматалиев мааракелик иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси той-топур менен чектелбестигин, анын башкы максаты кийинки муундарга мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө жана калыптанышына салымы зор болгон инсандарды таанытуу экенин баса белгиледи.
Эл өкүлү Алымбек датканын 220 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өз деӊгээлинде келерки жылдын жаз мезгилинде өткөрүүнү өкмөткө сунуш кылды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg