www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдованын экс-премьер-министри жана "Действие и солидарность" партиясынын лидери Майя Санду өлкө президенттигине болгон шайлоонун экинчи турунда дагы алдыда бара жатат.
Жекшемби күнү Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Анда Сандунун атаандашы болуп экинчи мөөнөткө шайланууга ниеттенген Игорь Додон болду.
Жыйынтыгында шайлоочулардын 56,28 пайызы Сандуну колдосо, 43,72 пайызы Додонго добуш берген. Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 98,69 пайызын эсептеп бүттү. Азыркыга дейре АКШ менен Канадада шайлоо участкалары иштеп жатат.
Мыйзам боюнча, шайлоочулардын жарымынан көп добушун алган талапкер жеңүүчү аталат. Экинчи турда шайлоого келгендерге босого чек коюлбайт. Мамлекет башчы төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
БШКнын төрагасынын орун басары Владимир Шарбан экинчи тур шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу эреже бузуулары жок өткөнүн билдирди. Ал эми полиция добуш берүү күнү үгүт ишин жасоо, шайлоочуларды сатып алуу жана башка түрдөгү 200гө жакын мыйзам бузуу катталганын кабарлады.
Эскерте кетсек, 2-ноябрь күнкү шайлоодо бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албагандыктан, Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру белгиленген.
Булак: NazarNews.kg