www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдова президенти Майя Сандунун ити Австриянын президенти Александр ван дер Белленди тиштеп алган видео интернетке тарады. Видеодон ван дер Беллен итти сылайын дегенде үй жаныбары анын колун тиштеп алганын көрүүгө болот.

Бул боюнча Санду түшүндүрмө бергенин РИА Новости жазды.

Окуя Австрия лидери Молдовага иш сапары менен барганда болгон.

"Молдова Республикасынын президенти бул үчүн дароо кечирим сураган жана иттин тиштеп алышын ал жерде киши өтө көп болгондугу менен байланыштырган", – деп жазылат маалыматта.

Буга чейин өлкөнүн мурдагы премьер-министри Ион Кику окуя тууралуу пикирин билдирип, Санду адамгерчиликтүү көрүнүү үчүн гана акыркы үч аптада коомчулукка ити менен чыгып жатканын айткан. Ошондой эле ал Молдова эли президенттин бул үй жаныбарын ал менен видео-сүрөткө түшкөндө эле көрүшөрүн кошумчалаган.

Австриянын президенттик администрациясынын өкүлү президент ван дер Беллен өзүн жакшы сезип жатканын, кичинекей жараатты таңып коюшканын айткан.

Александр ван дер Беллен өзү да бул көрүнүш боюнча видеокайрылуу жасаган. Анда ал итти түшүнөрүн, ал жердеги адамдардын көптүгүнөн ит тынчсызданып турганын айткан.

"Молдова президентинин биринчи ити болгон Кодру менен жолугушуум көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Мени тааныгандар итти кандай жакшы көрөрүмдү билишет. Ошондуктан мен аны түшүнөм", – деген ван дер Беллен иш сапарынын соңку күнүндө Сандуга ит үчүн оюнчук белек кылганын кошумчалаган.

Президент ит менен болгон окуядан да Санду, ошондой эле Молдованын премьер-министри, парламент башчысы жана ишкерлер менен сүйлөшүүлөрү маанилүү болгонун белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости