www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдова парламентинин төрагасы Игорь Гросу Жогорку Раданын спикери Руслан Стефанчуктун Украинага аскердик жардам берүү боюнча өтүнүчүнөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости «Действие и солидарность» башкаруучу партиясынын маалымат катчысы Адриана Влас билдиргендигин жазды.
«Парламенттин төрагасы нейтралитет макамына макул экендигин, Молдова башка өлкөлөргө аскер техникаларын жайгаштыра албай тургандыгын билдирди», — деген ал. Тагыраагы, Стефанчук Гросудан Молдовадагы МиГ-29 тик учагын сураган.
Анткен менен Молдова парламентинин спикери Кишинев жергиликтүү калк коопсуздукта жашаарын сезиш үчүн кооптуу аймактардан минадан тазалоого сапёрлорду жиберүүгө даяр экендигин билдирген. Жогорку Раданын төрагасы кесиптеши менен аскердик жардамды талкуулагандыгын айткан.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg