www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Монголиянын алтын кендери жаңы төрөлгөн балдарынан, кылым карыткан аксакалдарына чейин элине өздөрүнүн валютасы болгон төгөрөк менен жөлөкпул төлөп турушат. «Кумтөргө» салыштырмалуу алардын Бороо, Гацуурт деген кендери оюнчук, чакан. Аскар Акаев келишим түзгөндө элди ойлогон эмес, ошондон улам «Центерра» өзүн-өзү билип 11 млрд долларлык алтынды чыгарып кеткен. Ал эми кыргыздар 4 млрд долларды кантип төлөйбүз деп кала берди. Аскар Акаевдин жашып турганынын жөнү да бар, анткени ал бул кенди «Центерранын» колуна салып берген премьер-министр маркум Николай Танаевке кайгырып жаткандыр. Балким, ал президент болуп турганда «Кумтөрдү» Нанаев-Танаевдер бийлеп, ага чет –чеберин көрсөтпөй жеп кеткенине ичи күйүп жаткандыр. Болбосо, жалпы эле мамлекетке пайдасы тийе турган келишимдерди түзүүгө анын шаасы жетмек.
“Центерра Голд” компаниясынын “Кумтөр” чоң долбоору, андан сырткары Монголияда эки долбоору жана Түркияда да бар. Монголиядагы Бороо менен Гацуурт кендери Кумтөргө салыштырмалуу өтө эле чакан кендер экени белгилүү. Ал эми “Кумтөр” дүйнөлүк запасы бар кендерге кирген. Кен көп жылдык, андыктан пайдасы да арбын, түшкөн каражатты Кыргызстандагы жана Азиянын башка өлкөлөрүндөгү кендерге кайра инвестиция кылууга мүмкүнчүлүк берет. “Центерра Голд ”Кумтөр” дүйнөлүк запасы бар кенине таянып Азия континентинде долбоорлорду ишке ашырууга өтө кызыкдар компания.
Америка өлкөлөрү Боливия, Венесуэла жана башкалар баалуу кен байлыктарын улутташтырып алганда, батыштагылар чырылдап кала берген. Кыргызстан «Кумтөр Голд» ишканасына тышкы башкаруу киргизгенден бери бир айга жетпеген убакыт аралыгында 44 миң унция алтын сатып, натыйжада 40 миллион доллар өлчөмүндө дүң киреше алды. Бул тууралуу ишкананын кызматкерлери 2021-жылы 15-июнда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда айтып беришкенин мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Кумтөргө барып, карьердеги жана алтын ылгоочу фабрикадагы иштер менен таанышты. Ишкананын кызматкерлери кен мол чыккан жер казыла баштаса алтындын көлөмү көбөйөрүн, иш үзгүлтүксүз, штаттык режимде уланып жатканын, айлык маяна өз убагында жана толук төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жөнөтүлүп жатканын маалымдашты. Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. «Центерра Голд» эл аралык биржада көп каражат жана пайда табууну көздөгөн акционердик компания. Бул компания 2004-жылы Кумтөргө келгенде, кен казуу дээрлик соңуна чыгып, 2009-жылы иш аяктаары күтүлүп турган. Компания адистерди, эксперттерди өзүн мактатып Николай Танаевдин өкмөтүн паралап кен казууну 2026-жылга чейин узарткан.
2004-жылдан бери “Центерра” Кумтөргө бир миллиард доллардан ашуун инвестиция салыптыр, бирок канчалаган миллиард долларлык алтынды ташып кетти? Бул ишкана геологиялык иликтөө иштери, жабдык-техникаларды алмаштыруу, алардын сапатын жакшыртуу аркылуу кенди кеңейтишти. Кыргызстан «Кумтөр Голд» жалпысынан 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин, ал эми «Центерра Голд» мыйзамдар бузулбаганын айтып жатышат. 2021-жылы май айында маселе парламентте каралып, Кыргызстан «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизген.
Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев позициясын ушунчалык тез өзгөртүп жаткан Акылбек Жапаровду Кудай жазалайт деп үмүттөнөт. Мурунку мамлекет башчысы ушул ойлору менен Avtor.tv порталына берген маегинде бөлүшкөн. Акаев белгилегендей, бардык көйгөйлөр Акылбек Жапаровдон түздөн-түз тийешеси бар, 2009-жылы түзүлгөн келишимден улам башталган.
Мурунку президент Акылбек Жапаров унчукпай турса жакшы болмок деп белгилейт, анткени ал өзү Кумтөр боюнча келишимди 2006-жылы иштеп чыккан. Анын оюнча ал мезгилде ал качып Москвада жашап жүргөн. Акаев ошондой эле Кумтөрдөн эч кандай акча алган эмес экенин белгиледи, мындайча айтканда 11 млрд доллар пайда тапкан «Центерраны» алып келгени үчүн бир тыйын да пайда көргөн эмес. Анын айтымында: «Мен Кумтөрдөн миллиард доллар уурдап алдым деп кылмыш ишин козгошту. Ал тургай чет элдик детективдерди жалдашкан, бирок эч нерсе таба алышкан жок. Эми Жапаров Танаевге жана менин уулум Айдарга жалаа жаап жатат. Кудай позициясын тез алмаштырган адамды жазалайт деп ишенем».
Кумтөр Кыргызстандын эң ири алтын кени болуп эсептелет. 1992-жылы «Камеко» канадалык компаниясы менен КРнын биринчи президенти Аскар Акаевдин ортосунда макулдашууга кол коюлгандан тартып, анын ишмердиги чыр-чатактар менен коштолуп келет. Чыңалуу абалы бүгүн да сакталып турат.
Канадалык компания Кумтөрдө иштеп баштаганда, Кыргызстан 1993-жылы негизделген «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» акцияларынын 67%на ээ болгон. Муну менен бирге канада тарап менен болгон макулдашуулар боюнча 1997-жылдан баштап, Кыргызстанга компаниядагы 100 пайыз үлүштү өткөрүп берүү процесси башталышы керек болчу. 2007-жылга карата бул процесс аякташы керек эле. Бирок, муну болтурбаш үчүн канадалык компания долбоорду реструктуризация кылып, «Центерра Голд Инк» түзүүнү сунуштайт.
Кызыгы, жаңы макулдашуу боюнча Танаевдин өкмөтү «Кумтөр Оперейтинг Компанидеги» 67% акциялардын ордуна «Центерра Голд Инкте» болгону 33% алып калган. Кыргызстан мындай төмөн үлүшүн негиздөө үчүн «Центерра Голд Инк» өкүлдөрү атайылап Кумтөр кениндеги алтындын запастарынын көрсөткүчтөрүн азайтышкан. Ал кездеги президент Аскар Акаев «Камеконун» шарттарына көнгөн, ал эми «Кумтөр Оперейтинг Компанини» реструктуризация кылуу боюнча жумушчу топто бардыгы эле макул боло берген эмес. «Камеко» жана «Центерра Голд Инк» экөөнүн сунушун карап чыкканда, көпчүлүктүн пикири боюнча реструктуризациянын жана Кыргызстандын «Центерра Голд Инк» компаниясына акционер катары киришинин натыйжасында республиканын үлүшү 80%дан кем эмес болушу керек эле. Бул Кумтөр кениндеги реалдуу запастар жана аны иштетүүнүн күтүлгөн кирешесинен улам болгон.
Бирок, маселе эбак чечилип, жумушчу топтун презентациялары жана ишмердиги формалдуу эле болгону көрүнүп турган. Президенттин жарлыгы менен бул топтун курамына ал кездеги экинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты Акылбек Жапаров кирген. Парламенттин депутаттарынын демилгеси боюнча, «Центерра Голд Инкти» түзүүгө түздөн-түз тыюу салуу тууралуу маанилүү документтер кабыл алынган. Парламенттин биринчи токтомунда бул компанияны түзүү максатсыз экени, экинчисинде компанияны парламенттин гана макулдугу менен түзүүгө болоору так жазылган. Буга карабастан, 2003-жылдын 31-декабрында өкмөттүн жыйынында Макулдашуу кабыл алынган.
2005-2006-жылдары Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп калган. Ошол кезде комиссиянын башка мүчөлөрү менен ал 2003-жылдын 31-декабрында чынында өкмөттүн жыйыны болбогонун, ал эми «Центерра Голд Инк» түзүү чечими сурамжылоо жолу менен жасалганын, бул мыйзамдарды одоно бузуу болуп эсептелерин далилдей алган. Мындан тышкары, өкмөт компанияны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырган имиш мезгилинде жаңы компаниянын пайда болушуна тоскоол эткен мыйзам чыгаруу кеңешинин эки токтому бар эле.
Буга карабастан, 2004-жылдын 4-январында ошол кездеги юстиция министри Курманбек Осмонов бул компаниянын түзүүсүнө тыюу салган бир дагы нормативдик-укуктук акт жок экенин билдирген. Ушундай шарттарда Кыргызстан 33% үлүшкө ээ болгон «Центерра Голд Инк» түзүлгөн.
Кызыгы, компаниянын Торонтонун фондулук рыногуна чыгуусунун алгачкы эле күнү өлкөнүн жетекчилиги 84 млн АКШ долларга акциянын бир бөлүгүн сатып жиберүү чечимин кабыл алган. Ошентип, республика компаниядагы 15% акцияга гана ээлик кылып калган.
2006-жылы канадалыктар менен кайрадан Кыргызстандын «Центерра Голд Инкте» болгон үлүшүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр башталган. Кыргызстан үчүн пайдалуурак шарттарды түзүү аракетин ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Данияр Усенов көргөн. Ал акциялар пакетин 6.5%га көбөйтүүгө жана бюджетке 20 млн АКШ долларын төгүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок жаңы шарттарды колдогон өкмөт мүчөлөрүнүн добуштары жетпей калган. Ал Кыргызстанга «Центерра Голд Инкте» 33% гана акциялардын берилиши адилетсиз болгонун далилдей алганын белгилеп кетүү керек. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошол кезде дагы 53% акцияларга ээ болгон «Камеко», Кыргызстанга 17% баалуу кагаздарды өткөрүп берүү ниетин билдирген. Бирок бул дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн талаптарына жооп берген эмес.
Мындан ары кызматташуунун 4 жолу сунушталган, болбосо «Центерра Голд Инк.» менен бардык макулдашуулар жокко чыгарылмак. Кыргызстандын компаниядагы үлүшүн 52%дан 67%га чейин жогорулатуу, компаниянын дүң кирешесинен 12% өлчөмдө салык салынып, ал жыл сайын улам 1 пайызга көбөйтүлүп, 14%га чейин жеткирүү жана материалдык-сырье базасына 4 пайыздык салык киргизүү шарттары коюлган. Өкмөт Кыргызстандын үлүшүн 52%га чейин жогорулатуу боюнча сүйлөшүүгө жетишкен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg