www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Киевден терактыга катышы барларды жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Василий Малюкту камап, аларды Россияга берүүнү талап кылды. Бул туурасында РФ ТИМинин билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.

"ТИМ Украина бийлигине Бомба террорчулугу жана Террорчулукту каржылоо менен күрөшүү боюнча эл аралык конвенциялардын алкагында терактыга тиешелүүлөрдү токтоосуз камап жана өткөрүп берүү талабын айтты", — деп билдиришкен аталган ведомстводон.

"Крокус сити холлдогу" каргаша Киев режиминин Россияга жасаган биринчи терактысы эместиги, Украинанын башка кылмыштары журналисттер Дарья Дугина менен Максим Фоминдин (Владлен Татарский) өмүрүн алгандыгы, кол салуудан 42 адамдын жабыркагандыгы айтылган. Жасалган жарылуудан жазуучу Захар Прилепин жана анын айдоочусу каза тапкан.

Беш адам 2022-жылдын октябрында Крым көпүрөсүндө болгон терактынын курмандыгы болгон. Москва бул боюнча Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Василий Малюкту да тез арада кармоону талап кылып, бул жана башка терактыларды уюштургандардын артында Киев турганын белгилеген.

Билдирүүдө булардан сырткары "Русский добровольческий корпус"* (РДК*) өткөргөн рейддерде жай тургундар, алардын арасында балдар өлтүрүлгөнү да айтылган.

"Россиянын компетенттүү органдарынын тергөө иштеринде бул кылмыштардын бардыгында Украинанын изи турганын көрсөттү", — деп айтышкан министрликтен.

Киев бийлигине ар кыл террордук иштерди колдоону тез арада токтотуп, күнөөлүүлөрдү берип (Россияга – ред.) жана жабыркагандар тарткан зыянды толтуруп берүү талабы коюлган. Ал эми жогорудагы конвенцияларды мурдагы советтик республиканын бузушу эл аралык укуктук нормалар боюнча жоопкерчиликке тартууга алып келерин белгилешкен.

"Крокус сити холлдогу" теракт

2024-жылдын 22-мартында кечинде "Крокус сити холлдун" концерттик залында теракт жасалган. Соңку маалыматтар боюнча, кандуу калабадан 144 адам көз жумган.

Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 9 киши камакка алынды. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.

Буга чейин Путинге шектүүлөрдүн кармалганы боюнча маалымдашкан. Россия лидери терактыга катышы болгондордун бардыгы жазасын аларына убада берген.

* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм

Булак: NazarNews.kg

Последние новости