www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украинанын делегациялары 15 пункттан турган тынчтык келишиминин үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу The Financial Times сүйлөшүүлөргө катышкан үч булакка таянуу менен билдирди.

Басылманын айтымында, тараптар сүйлөшүүдө "олуттуу жылыштарга" жетишти. Алдын ала маалыматтарга караганда, келишим Украинанын НАТОго кирүү планынан баш тартууну, ошондой эле, куралдуу күчтөрүн кыскартууга жана анын аймагында чет элдик базалар менен курал-жарактарды жайгаштырбоого макулдугун карайт.

Өз кезегинде Орусия аскерлерин чыгарып кетет, ал эми Киевге коопсуздукту союздаштары – АКШ, Британия жана Түркия кепилдей алат.

Маалымат булактары келишимдин биринчи вариантында Украинада орус тилинин корголушу да камтылаарын билдирди. Украина президентинин аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк FT телеканалына башка гуманитардык маселелер менен катар тил маселелерин “Украинанын кызыкчылыгын эске алуу менен гана талкуулоо керек” деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости